Сертификаттар тапшырылды

2025-12-22 03:52:40 34

Ош мамлекеттик университетинин Квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан 2025-жылдын ноябрь айында Ноокат районундагы №27 Абу Райхан Беруни атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде мугалимдер үчүн “Кыргыз тилин билүүсүн В1 деңгээлине жогорулатуу” багыты боюнча 72 сааттык курс аякталды жана 27 мугалимге тиешелүү сертификаттар тапшырылды. Курсту уюштурууга демилге көтөргөн мектеп директору Бурканов Мустапакул Аниваровичге борбордун ыраазычылык баракчасы тапшырылды. Ошондой эле Ыраазычылык баракча ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу борбору менен кызматташтыкты ийгиликтүү жүргүзгөн Ноокат районунун билим берүү башкармалыгынын башчысы Джусупов Таалайбек Сайпиевичге тапшырылды. Сертификат тапшыруу аземи салтанаттуу маанайда өтүп, катышуучуларга ийгилик каалоо менен жыйынтыкталды. Тренерлер: Абдышова Зарина Абдиназаровна Ош МУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинин улук окутуучусу, тренер. Ызабекова Динара Абдырасуловна доцент, филология илимдеринин кандидаты