Сертификаттар тапшырылды

2025-12-30 07:06:39 42

Ош мамлекеттик университетинин Квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан 2025-жылдын ноябрь–декабрь айларында медициналык багыттагы атайын окуу курсу уюштурулду. Курстун теориялык жана практикалык бөлүктөрү ОшМУнун Медициналык колледжинде жана ОшМУнун медициналык клиникасында өттү.Курс учурунда угуучулар биринчи медициналык жардам көрсөтүүнүн негиздерин, оорулууларга кам көрүү көндүмдөрүн жана дары-дармектерди колдонуу тартибин үйрөнүштү. Жыйынтыгында 2025-жылдын 29-декабрында угуучуларга сертификаттар тапшырылды. Тренер: Кыдыршаева Айзирек Акматжановна— Медициналык колледждин тажрыйбалуу окутуучусу.