2026-03-09 07:07:01 11
ОшМУнун Өзбек Республикасынын Андижан Мамлекеттик Университетинин ортосунда түзүлгөн Меморандумдун негизинде Квалификацияны жогорулатуу институту үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында “Тереңдетилген тарыхый билим берүү жана тарыхты окутуунун заманбап усулдары” боюнча кесиптик чеберчиликти жогорулатуучу 144 сааттык курс уюштурган. Аны ийгиликтүү аяктаган угуучуларга сертификат тапшыруу аземи болду. Боордош кесиптештер курстун мазмунунун маанилүү жана пайдалуу болгонун белгилешип, ОшМУнун Тарых-юридика институту менен биргеликте илимий иликтөөлөрдү жүргүзүп, эмгектерди биргеликте жаратууну да мерчемдеп жатканын айтышты. Аталган институттун жамаатына, тренерлерге ыраазычылыгын айтышып, Квалификацияны жогорулатуу институтунун ишине ийгиликтерди каалашты.