Биргелешкен аракет-салттуу билимдин негизги булагы!

2026-03-09 07:15:45 15

Ош мамлекеттик университетинин Квалификацияны жогорулатуу институтунда кезектеги эл аралык кесиптик өсүү курсу ийгиликтүү аяктады. Кимдер үчүн: Өзбекстан Республикасынын Андижан мамлекеттик университетинин окутуучулары. Мөөнөтү: 2026-жылдын 28-январынан 28-февралына чейин. Багыты: “Диний баалуулуктар жана маданияттар аралык байланыштар”. Көлөмү: 144 сааттык интенсивдүү программа. Бир ай бою созулган окуунун жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар жана баалуу китептер салтанаттуу түрдө тапшырылды. Институттун жетекчилиги жогорку деңгээлде сабак өткөн тренерлерге терең ыраазычылык билдирип, кесиптик иштерине ийгилик каалады. Тренерлер : Арипов Н. Т. – (PhD) философия доктору, дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасынын доценти, теология факультетинин деканы; Ажимаматов З. К. - (PhD) философия доктору, дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасынын доценти; Адылбек кызы А. - дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасынын окутуучусу; Жумабаев М. - дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасынын окутуучусу; Жусубалиев А. Б. - (PhD) философия доктору, дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасынын доценти; Зууридинов О. А. - (PhD) философия доктору, дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасынын окутуучусу; Калбердиев А. Р. - (PhD) философия доктору, дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасынын доценти; Кадыров М. А. - (PhD) философия доктору, дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасынын доценти; Козукулов Т. А. – саяс.и.к., дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасынын доценти; Сооронбаева К. А. – п.и.к., дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасынын башчысы; Тажибаев С. Л. - дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасынын окутуучусу.