Психология багыты боюнча 144 сааттык курс

2026-03-09 07:18:26 11

2026-жылдын 2-февралынан 3-мартына чейин кошуна Өзбек Республикасынын Андижан мамлекеттик университетинин окутуучулары үчүн “Психология” багыты боюнча 144 сааттык кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курсу ийгиликтүү аяктады. Бул курс эки боордош өлкөнүн окуу жайларынын ортосундагы илимий-педагогикалык байланышты бекемдөөгө багытталган. Катышуучулар заманбап психологиялык ыкмаларды өздөштүрүп, тажрыйба алмашышты. тренер: Жолдошева Акчач Олмасовна психология илимдеринин доктору, психология каф. профессору, Кыргызстандагы психологдор коомунун ассоциациясынын вицепрезиденти, КРнын Билим беруунун мыктысы, ОшМУнун эмгек синирген ишмери