Педагогика жана окутуунун методикасы

2026-03-09 07:46:08 8

ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу институту тарабынан 2026-жылдын 16-февралынан 28-февралына чейин Ош аймактык медициналык колледжинин окутуучулары үчүн атайын курс уюштурулду. Гуманитардык жана клиникалык дисциплиналар ПЦКнын окутуучулары «Педагогика жана окутуунун методикасы» аталышындагы 72 сааттык программаны ийгиликтүү аякташты. Курстун максаты: Окутуунун заманбап усулдарын өздөштүрүү жана педагогикалык чеберчиликти арттыруу. Тренер: ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу институтунун директору, п.и.к., доцент Джороев Т. А. Окуу процесси кызыктуу талкуулар жана практикалык иштер менен коштолуп, катышуучулар жаңы билимдерге ээ болушту. Билим берүүдөгү сапаттуу өзгөрүүлөр улана берет!