2026-03-19 05:49:17 2
Ош мамлекеттик университетинин Квалификацияны жогорулатуу институтунда Андижан мамлекеттик университетинин (Өзбекстан) окутуучулары үчүн уюштурулган бир айлык квалификацияны жогорулатуу курсу ийгиликтүү аяктады. Багыты: “Математика жана аны окутуунун заманбап технологиялары” Мөөнөтү: 2026-жылдын 16-февралынан 16-мартына чейин Көлөмү: 144 саат Курстун алкагында катышуучулар математика илиминдеги жаңы ыкмалар, санариптик инструменттер жана окутуунун заманбап технологиялары боюнча тереңдетилген билим алышты. Салтанаттуу иш-чаранын соңунда угуучуларга атайын үлгүдөгү сертификаттар тапшырылды. Тренерлер: Матиева Гулбадан ф.-м.и.д., профессор Сопуев Адахимжан ф.-м.и.д., профессор Турсунов Дилмурат Абдиллажанович ф.-м.и.д., профессор Борбоева Гулниса Маматкановна ф.-м.и.д., профессор