ОшМУ региондорго жардам берет

2024-05-07 09:13:24 13

ОшМУ региондорго жардам берет КРнын Билим берүү жана илим министринин 02.11.2023-жылдын №5340/1 жалпы орто билим берүүчү мекемелериндеги билим сапатын өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатындагы буйругун аткаруу үчүн ОшМУ камкордукка алган беш мектептин бири Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик Канай уулу атындагы орто мектептин педагогикалык жамаатына 2024-жылдын май айында "Билим берүү стандарттарына негизделген денгээлдик тапшырмалар" аталышындагы семинар-тренинг өткөрүлдү. Мугалимдер семинар-тренингдин пайдалуу болгондугун белгилешти жана мындай тажрыйбанын маанилүүлүгүн, пайдалуу экенин айтышып, улантууган суранышты. ОшМУнун квалификацияны жогорулатуу борборунун жетекчиси Т.А. Джороев ректорат тарабынан дагы да көмөк болоруна ишенерин белгиледи.