Курсту ийгиликтүү аяктаган бала бакчанын тарбиячыларына сертификаттар тапшырылды.

2025-01-25 08:15:21 151

ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан Ош шаарынын мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги тарбиячылар үчүн “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогдорунун кесиптик компетенцияларын өркүндөтүү” боюнча 72 сааттык(онлайн) курс болуп өттү. Курсту ийгиликтүү аяктаган 23 тарбиячыга (25.11.2024.) сертификаттар тапшырылды.