Борбор Фергана мамлекеттик университети менен биргеликте ишмердүүлүк жүргүзүү алдында турат.

2025-02-13 10:49:52 29

2025-жылдын 12-февралында ОшМУнун квалификацияны жогорулатуу борборунун директору Т.А. Джороев жана Өзбек Республикасынын Фергана мамлекеттик университетинин окутуучулук курамды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча аймактык борборунун директору Б.К. Баратов жетектеген топ менен келечекте педагогикалык кадрлардын чеберчилигин арттыруу максатында, биргеликте ишмердүүлүк жүргүзүү боюнча онлайн пикир алмашуу жолугуушуусу болду. Анда эки жогорку окуу жай ортосунда окутуучулардын квалификациясын жогорулатуунун орток парограммасын түзүү, келечектеги ишмердүүлүктөрдү мерчемдөө боюнча ой бөлүшүү болду. Жолугушууга ОшМУнун эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин директору ф-м. и., доктору профессор Д.А.Турсунов, түрк тилдүү мамлекеттеринин интеграция бөлүмүнүн башчысы ф-м.и.к., доцент М.О. Орозовдор катышты. Демилгенин башында ушул окутуучулар турганын белгилөөгө болот.