эки тараптуу кызматташуу

2025-03-26 08:03:56 8

ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу борборунун директору Т.А. Джороев, ОшМУнун Бизнес Паркынын директору Э. Камалов Швейцариянын Кыргызстандагы Хельветас көз карандысыз өнүктүрүү уюмунун "Чебер" долбоорунун жетекчиси Кристиан Вагнер жана анын орун басары Алтынай Молдоевалардын ортосунда жолугушуу өткөрүлдү. Анда элибиздин муктаждыктарын эске алуу менен кыска мөөнөттүү курстарды уюштуруу, окутуу программалары, тренерлер жана эки тараптуу кызматташтык ж.б. боюнча ойлор талкууланды. Жыйынтыгында кызматташуунун артыкчылыктары белгиленип, биргеликтеги ишмердиктер мерчемделди.