Окутуучулардын кесиптик чеберчилигин арттыруучу курс уюштурулду.

2025-04-03 05:02:47 24

ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу борбору МИОТжББМ кафедрасы менен биргеликте 2025- жылдын апрель айында “ЖОЖду башкаруунун заманбап методдору” аттуу 144 сааттык окутуучулардын кесиптик чеберчилигин арттыруучу курс уюштурду. Аталган курска ОшМУнун окутуучулары менен биргеликте Өзбек Республикасынын Наманган Мамлекеттик Университетинин 8 окутуучусу келип билимдерин өркүндөтүп жатышат. Мындан арыда Квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан мамлекеттер аралык педагогдордун кесиптик чеберчилигин арттыруу курстарын уюштуруу мерчемделип жатат.