2025-04-11 08:08:27 19
Ош МУнун Квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан 2025-жылдын 9-апрелинде Ош шаарындагы 70 мектептин директорлоруна жана 725 мугалимге кесиптик чеберчилигин жогорулатканы боюнча сертификаттар берилди. Сертификат тапшыруу аземине Ош шаарынын вице-мэри Салтанат Аманова, ОшМУнун коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева, Квалификацияны жогорулатуу борборунун директору Ташболот Джороев, курста билим берген тренерлер, мектеп директорлору жана мугалимдер катышты. Ош МУнун Квалификацияны жогорулатуу борбору Билимге кошкон зор салымы үчүн жана талыкпас эмгеги үчүн Ош шаарынын вице-мэри Салтанат Аманова жана Шаардык билим берүү башкармалыгына ыраазычылык билдирди.