2025-04-11 08:27:35 17
ОшМУда кесиптик чеберчилигин жогорулаткан мектеп директорлору менен мугалимдер сертификатка ээ болушту 2025-жылдын 9-апрелинде Ош шаарындагы 70 мектептин директорлоруна жана 725 мугалимге кесиптик чеберчилигин жогорулатканы боюнча сертификаттар берилди. Курс январь, февраль, март айларында ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан “Билим берүүнүн сапатын арттырууда мектеп директорлорунун орду”, ”Жалпы республикалык тестке даярдоонун негиздери” боюнча 72 сааттык окуудан өтүшкөн. Бул демилге окуу жай менен Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын келишиминин негизинде ишке ашты.