Тренерлерге ыраазычылык !

2025-04-11 08:35:19 20

2025-жылдын 9-апрелинде Ош шаарындагы 70 мектептин директорлоруна жана 725 мугалимге кесиптик чеберчилигин жогорулатканы боюнча сертификаттар берилди. Курс январь, февраль, март айларында ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан “Билим берүүнүн сапатын арттырууда мектеп директорлорунун орду”, ”Жалпы республикалык тестке даярдоонун негиздери” боюнча 72 сааттык окуудан өтүшкөн. Бул демилге окуу жай менен Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын келишиминин негизинде ишке ашты. Сертификат тапшыруу аземине Ош шаарынын вице-мэри Салтанат Аманова, ОшМУнун коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева, Квалификацияны жогорулатуу борборунун директору Ташболот Джороев, курста билим берген тренерлер, мектеп директорлору жана мугалимдер катышты. Кесиптик чеберчилигин жогорулаткандарга коомду агартуу ишинде ийгиликтерди каалашты. Ал эми окутууну алып барган ОшМУнун квалификацияны жогорулатуу борборунун директору Ташболот Джороев баштаган окутуучуларга ыраазычылык баракчалары тапшырылды.