Өзүн-өзү таанып билүү жана жеке өнүгүү

2025-05-20 06:17:49 48

2025-жылдын 28-30- апрель, 1-май күндөрү Бишкек шаарында “Өспүрүмдөрдүн өзүн-өзү таанып билүү жана жеке өнүгүү” курсунун методикасы боюнча тренерлер үчүн тренинг болду. Бул методика “Юз оф Ош” коомдук бирикмеси тарабынан иштелип чыккан. Колдонмону мектептик билим берүүгө негиздеп ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу борборунун директору п.и.к., доцент Т.А. Жороевдин жетекчилиги менен автордук топ түзгөн. Семинар-тренингиге Кыргызстандагы Билим берүү институттарынын, методикалык борборлорунун, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана мугалимдер катышты. Тренерлер: Джороев Ташболот Абдыхайымович – ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу борборунун директору, Cагынбаева Назира Орозалыевна – РПККЖКДИнин улук окутуучусу, билим берүү менеджменти кафедрасынын башчысынын м.а.