2025-06-24 06:25:46 16
2025-жылдын 17-июнунда Ош шаарындагы "MERI GARDEN" эс алуу аянтында "Youth of Osh" коомдук бирикмесинин "Маданият жана Мурас" аттуу кыргыз маданиятынын кооздугу менен жаштардын креативдүүлүгү айкалышкан кыргыз тилин, маданиятын учур талабы менен айкалыштыра алган ыктыярчылардын иш-чара, тою болду. Жаштарга кыргыз маданиятын, улуттук оюндарын, тилинин тарыхы, көркөмдүгү, байлыгы боюнча сабак берген ОшМУнун доценти Т.А. Джороев иш-чарага катышып, уюштуруу иштерине көмөктөштү. Катышуучулар арасында Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын студенттери, мектеп окуучулары, кыргыз маданиятына кайдыгер карабаган жаштар, ата-энелер, чет элдик коноктор болду.