Сертификаттар тапшырылды

2025-06-27 05:38:52 11

ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан 2025-жылдын июнь айында Өзбекстан Республикасынын Андижан мамлекеттик университетинин тарых факултетинин тарых кафедрасынын окутуучулары үчүн кесиптик чеберчиликти арттыруучу “Борбордук Азиянын тарыхы жана тарыхты окутуунун заманбап усулдары” аттуу 144 сааттык курс уюштурулду. Квалификациясын жогорулаткан окутуучуларга 2025-жылдын 24-июнунда сертификаттар тапшырылды. Сертификат тапшыруу аземи Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун чоң салтанат залында болуп өттү. Сертификат тапшыруу аземине Квалификацияны жогорулатуу борборунун кызматкерлери , ОшМУнун профессору Кадыров Турдумамат Дыйканбаевич жана курстун тренерлери жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу кафедрасынын окутуучусу т.и.к., профессор Кадыров Т.Д., ти.к., доцент Маразыков Н.К., т.и.к., доцент Жумашова Г.С. – катышты.