Гистология жана патологиялык анатомияны окутуу

2025-06-27 05:47:51 11

ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу борбору медицина факультетинин гистология жана патанатомия кафедрасы менен биргеликте ОшМУнун, Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин, Борбордук Азия Эл Аралык медициналык университетинин окутуучулары үчүн кесиптик чеберчиликти арттыруучу «Гистология жана патологиялык анатомияны окутууда салттуу жана инновациялык методдорду интеграциялоо» аталышындагы 72 сааттык курсту башташты. Медициналык билим берүүдө аталган курстун зарылдыгы тууралуу медицина илимдеринин доктору, профессор С.Т. Шатманов айтып өттү, андан сырткары ЖАМУнун профессору К.А. Асанова, медицина факультетинин деканынын орун басары Ж.А.Айтиева сөз сүйлөшүп, мындай курстардын байма-бай уюштурулуп туруусу абдан маанилүү экендигин белгилешти, ошондой эле гистология жана патанатомия кафедрасынын башчысы Жаныбек кызы Каныкейдин демилгеси үчүн ыраазычылыктарын билдиришти. Квалификацияны жогорулатуу борборунун директору Т.А. Джороев угуучуларга ийгиликтерди каалап, ЖАМУ менен адистердин чеберчтилигин арттыруу боюнча биргеликтеги ишмердүүлүктөрдү жүргүзүү боюнча ойлорун айтты. Өз учурунда ЖАМУнун профессору К.А. Асанова бул демилгени колдоо менен кызматташууга ар дайым даяр экендигин белгилеп өттү.