2025-10-01 07:53:45 129
ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу борбору Математика, физика, инженердик жана информациялык технологиялар институту менен биргеликте Өзбек Республикасыны Андижан мамлекеттик университетинин ІТ жаатындагы окутуучуларына чеберчиликти өстүрүү курсун уюштурган. Аталган курска боордоштордон 11 окутуучу квалификациясын жогорулатууга келип 144 сааттык семинар-тренинге катышып 2025-жылдын 29-сентябрында ар бири бөлүнгөн темалар боюнча өз долбоорлорун ийгиликтүү коргоп сертификатка ээ болушту.