HELVETAS Свисс Интеркооперейшн ОшМУда

2025-10-23 08:45:14 130

Швейцария Өкмөтү каржылаган жана HELVETAS Свисс Интеркооперейшн тарабынан ишке ашырылуучу "Чебер: Кыргызстанда көндүмдөрдү өнүктүрүү" долбоору менен Ош мамлекеттик университетинин Квалификацияны жогорулатуу борбору жана Бизнес паркы ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, кызматташтык маселелери кенен талкууланды. Бул сүйлөшүүлөрдүн негизинде кесиптик компетенцияларды өнүктүрүү, формалдуу эмес билим берүү программаларын түзүү жана ишке ашыруу, машыктыруучуларды даярдоо, ошондой эле кыска мөөнөттүү курстарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жаатындагы маселелер каралды. Тараптар билим берүү жана инновацияларды өнүктүрүү багытындагы кызматташтыкты бекемдөө максатында биргелешкен аракеттерди улантууга макул болушту.