Орус тили курсу уланууда

2025-11-12 05:05:32 56

ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу борборунда орус тили курсу уланууда. Аталган курста Кытай -Эл Республикасынын 9 студенти окуп жатат. Алар тамгаларды таанып бүтүп , сөздөрдү жаттап маектешүүгө өтүштү. Теориялык билимден сырткары алар музей , дүкөн, азык-түлүк маркеттерине барып күнүмдүк маектешүүгө керектүү болгон сөздөрдү, суроолорду туура айтууну жана туура сурап алууну практикада колдонууну үйрөнүп жатышат. Тренер : Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун орус тили кафедрасынын окутуучусу п.и.к , доцент Болотакунова Гульзат Жолдошбековна.