Мектеп мугалимдери кесиптик чеберчилигин арттырууда

2025-11-12 05:29:25 45

ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан 2025- жылдын ноябрь айында Ноокат районунун №27 Абу Райхон Беруний атындагы жалпы орто билим беруу мектебинин мугалимдерине “Кыргыз тилин билүүсүн В1 деңгээлине жогорулатуу” багыты боюнча 72 сааттык курс уюштурулду. Азыркы учурда курста 27 мугалим кесиптик чеберчилигин жогорулатууда. Программа мамлекеттик тилди окутуудагы заманбап талаптарга ылайык иштелип чыгып, мугалимдердин билим деңгээлин жана коммуникативдик көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталган. Окутууда грамматикалык структураларды терең өздөштүрүү, сөз байлыгын кеңейтүү, сүйлөө, угуу жана жазуу көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча практикалык сабактар өткөрүлүүдө. ⚜️ Тренерлер : Абдышова Зарина Абдиназаровна Ош МУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинин улук окутуучусу, тренер. Ызабекова Динара Абдрасуловна доцент, филология илимдеринин кандидаты.