2025-12-12 08:03:00 5
ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан “Иш кагаздарын мамлекеттик типтүү нускаманын негизинде түзүү жана жүргүзүү” боюнча 72 сааттык атайын курс уюштурулду. Курста мамлекеттик тилде иш кагаздарын туура жана талапка ылайык жазууну өздөштүрүүгө багытталган теориялык жана практикалык сабактар өтүлүүдө. Аталган курста Ош шаардык клиникалык ооруканасынын дарыгерлери атайын келишимдин негизинде окуп жатышат. Тренерлер: – Факултеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын окутуучусу п.и.к., Айбашова Тазагүл Матраимовна – Факултеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын окутуучусу п.и.к. доцент Тахирова Назгүл Исраиловна.