Ички жыйын

2025-12-12 08:06:34 11

ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу борбору кезектеги ички жыйынын өткөрдү. Жыйында борбордун директору Джороев Т. А. курстарды заманбап усулдар менен өткөрүү, студенттердин муктаждыгына жараша актуалдуу багыттарды сунуштоо, тренерлер менен келишимдик негизде иш алып баруу сыяктуу маселелерди белгилеп өттү. Борбордун методисти Дыйканов П.А. Ноокат жана Өзгөн райондук билим берүү башкармалыктары менен кызматташтык келишимдери түзүлгөнүн, учурда мектеп мугалимдерин деңгээлдеп окутуу курстары жүрүп жатканын маалымдады. #ОшМУ #КвалификацияныЖогорулатуу #Билимберүү #ОкутууКурстары #ПедагогикалыкӨнүгүү