Мобилдүүлүк алкагында

2025-12-12 08:14:04 9

2025-жылдын 5-декабрь күнү мобилдүүлүк алкагында Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетинен жана ОшМУнун ар кыл факультеттеринен келген студенттер үчүн педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Джороев Т.А. “Билим берүү тенденциялары”темасында семинар өттү. Семинарда заманбап билим берүүнүн багыттары, өзгөрүүлөрү жана мугалимдин жаңы ролу тууралуу мазмундуу ойлор айтылып, студенттердин кызыгуусу жогору болду. Катышуучулар активдүү суроо-жоопко аралашып, жыйынтыгында ыраазычылык баракчалары тапшырылды. Улуттук университеттен келген студенттер агайга белек катары китеп тапшырып, ыраазычылыктарын билдиришти.