2025-12-22 03:46:42 45
2025-жылдын декабрь айында Манас шаарында Жалал-Абад кеңсесинин «Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук фондунун колдоосу менен “Коммуникация — көпүрө: угуу, сүйлөө жана бири-бирибизди түшүнүү” аттуу жолугушуу-семинары өткөрүлдү. Семинарга ЛТФ мүчөлөрү жана “Тилек”, “Достук”, “Айтирек” уюмдарынын өкүлдөрү катышты. Жалпысынан 25 адам камтылды. Семинарды педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Т.А. Джороев өткөрүп, катышуучуларга эффективдүү баарлашуу, эмпатия, угуу көндүмдөрү боюнча кызыктуу практикалык тапшырмаларды аткарууга шарт түздү . Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, катышуучулар өз ойлору менен бөлүшүп, ыраазычылыктарын билдиришти.