2025-12-22 04:20:14 63
Ош мамлекеттик университетинин Квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан 2025-жылдын ноябрь айында “Кыргыз тилин билүүсүн С1 деңгээлине жогорулатуу” багыты боюнча 36 сааттык кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курсу уюштурулуп ийгиликтүү аяктаган угуучуларга сертификат тапшырылды. Бул курс катышуучулардын мамлекеттик тилди жогорку деңгээлде түшүнүүсүнө, эркин жана туура сүйлөөсүнө, иш кагаздарын сапаттуу жүргүзүүсүнө багытталды. Тренерлер : 1. Каразакова Зувайда Жамиловна 2. Аширова Тунук Курбанбековна 3. Закирова Бермет Абдикалиловна 4. Караева Назира Ормонбековна 5. Мамадиева Гүлзар Бактыбековна 6. Осмонова Айгүл Сейдакматовна