2026-01-28 07:23:29 67
2026-жылдын январь айында Ош мамлекеттик университетинин Квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан окутуучулар үчүн “Педагогика жана психология боюнча билимин өркүндөтүү” багытында атайын курс уюштурулду. Тренерлер: Г.А. Жутанова – Педагогика кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент; С.Ш. Кошонова – Жалпы психология кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент; А. Батыралиев – П.и.к., доцент; А. Закиров – Пс.и.к., профессор. Окутуу заманбап педагогикалык технологияларды өздөштүрүүгө жана студенттер менен иштөөдө психологиялык ыкмаларды туура колдонууга багытталды. Биздин окутуучулар дайыма изденүүнүн жана өнүгүүнүн үстүндө!