2026-01-28 07:40:53 80
Ош мамлекеттик университетинин Квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан 19-январдан 24-январга чейин окутуучулар үчүн “Стандарттардын негизинде программа иштеп чыгуу технологиялары” аттуу 72 сааттык интенсивдүү курс уюштурулду. Курстун жүрүшүндө катышуучулар заманбап билим берүү стандарттарына ылайык программаларды түзүү жана аларды санариптик технологиялар менен айкалыштыруу боюнча терең билим алышууда. Тренерлер: Асилбек кызы Жыпара - экономика илимдеринин кандидаты, ОшМУнун Билим берүү программаларын жана стандарттарын координациялоо секторунун башчысы. Чыналиева Мубарак Иманбаевна - тарых илимдеринин кандидаты, Индустриалдык-педагогикалык колледжинин коомдук илимдер жана аскерге чейинки даярдоо ПЦКсынын о окутуучусу Бул курс окутуучулардын методикалык чеберчилигин арттырып, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга чоң салым кошот. Окуу процесси кызуу талкуулар жана практикалык иштер менен коштолууда.