2026-02-11 05:06:32 34
12-январдан 24-январга чейин ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу борборунда окутуучулар үчүн кесиптик чеберчилигин жогорулатуучу курс болуп өттү. 72 сааттык программа “ЖОЖдордо билим берүү жараянын санариптештирүү жана жасалма интеллектти интеграциялоо” темасына арналды. Тренер: Тажрыйбалуу адис, улук окутуучу Акматов Абдилазиз Алиевич. Курстун алкагында окутуучулар: Окутуу процессине жасалма интеллектти (AI) кантип туура киргизүү; Санариптик куралдарды колдонуу менен сабактын сапатын арттыруу; Билим берүүнү автоматташтыруу жолдорун үйрөнүштү.