2026-02-11 05:17:23 27
2026-жылдын 31-январынан тарта ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан коңшу Өзбекстан Республикасынын Андижан мамлекеттик университетинин окутуучулары үчүн кесиптик чеберчилигин арттыруу максатында курс башталды. Курстун темасы: "Тереңдетилген дүйнөнүн тарыхы жана тарыхты окутуунун заманбап усулдары". 144 саат. Курстун негизги максаты адамзат тарыхындагы негизги этаптарды, цивилизациялардын өнүгүү өзгөчөлүктөрүн жана алардын ортосундагы өз ара байланыштарды терең талдоо менен инновациялык усулдарды, окутуунун интерактивдүү формалары тууралуу тажрыйба бөлүшүү. Бул окутуу программасы эки университеттин ортосундагы достук мамилени бекемдеп, окутуунун заманбап усулдарын жана инновациялык технологияларын биргеликте өздөштүрүүгө чоң өбөлгө түзөт. Курстун тренерлери. Жумашова Г.С. – т.и.к., жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу кафедрасынын доценти; Кадыров Т.Д.- т.и.к., жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу кафедрасынын профессору; Маразыков Н.К. т.и.к., жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу кафедрасынын доценти; Алишер кызы С. т.и.к., Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология кафедрасынын доценти.