2026-03-09 06:40:34 40
Андижан мамлекеттик университетинин окутуучулары квалификациясын жогорулатышты Ош мамлекеттик университетинин Квалификацияны жогорулатуу институту тарабынан коңшу Өзбекстан Республикасынын Андижан мамлекеттик университетинин окутуучулары үчүн атайын курс уюштурулду. Мөөнөтү: 16-январдан 16-февралга чейин. Багыты: “Интеллектуалдык технологиялар: программалоо, моделдөө жана автоматташтырылган системалар”. Көлөмү: 144 сааттык тереңдетилген программа. Курстун алкагында заманбап технологиялар жана санариптик чечимдер боюнча тажрыйба алмашуу болуп, жыйынтыгында окутуучуларга атайын сертификаттар салтанаттуу түрдө тапшырылды.