2026-03-09 06:45:14 24
ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу институту 2026-жылдын январь-февраль айларында Т. Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинин окутуучулары жана кызматкерлери үчүн атайын акысыз окутуу курсун өткөрүүдө. Курстун аталышы: “Кыргыз тили: В2 деңгээлине багытталган коммуникативдик жана грамматикалык компетенцияларды өнүктүрүү” (72 саат). Бул курс окутуучулардын тил байлыгын арттырып, кесиптик чеберчилигин жогорулатууга багытталган. Учурда окуу процесси кызуу уланууда! Тренер : Абдышова Зарина Абдиназаровна Ош МУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинин улук окутуучусу.