Орус тили курсу уланууда

2026-04-06 03:51:29 3

ОшМУда эл аралык билим берүү: Кытайлык жарандар орус тилин үйрөнүүдө! Ош мамлекеттик университетинин Квалификацияны жогорулатуу институтунда Кытай Эл Республикасынан келген угуучулар үчүн уюштурулган орус тили курсу ийгиликтүү уланууда. Учурда: Курстун бешинчи айы өтүп жатат. Бул убакыттын ичинде катышуучулар тилдик базасын бекемдеп, эркин баарлашуу деңгээлине жакындап калышты. Тренер: Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун орус тили кафедрасынын окутуучусу, п.и.к., доцент Болотакунова Гульзат Жолдошбековна. Тажрыйбалуу адистин жетекчилиги астында алар орус тилинин грамматикасын, лексикасын жана маданиятын терең өздөштүрүшүүдө.