YouthHABжаштар борборунун тренерлери үчүн

2026-04-15 03:46:39 40

2026-жылдын 6, 7, 8, 9, 10-апрель күндөрү “Ош жаштары” коомдук уюмунда «YouthHABжаштар борборунун тренерлеринин потенциалын жогорулатуу» боюнча трениг болду. Анда: • өспүрүмдөрдү, эрезеге жеткендерди окутуудагы өзгөчөлүктөр, алардын маанисин түшүндүрүү; • өспүрүмдөрдү, эрезеге жеткендерди окутуудагы заманбап методикаларды жана технологияларды системалаштыруу; • өспүрүмдөрдү, эрезеге жеткендерди окутуу процессинде заманбап методиканы, окутуу стратегияларын тандоону үйрөтүү; • өз тажрыйбаларында учурдагы методикаларды, окутуу ишмердигин уюштурууну үйрөтүү боюнча интерактивдүү формадагы иш-аракеттер аткарылып, чоңдор менен иш алып баруучу тренерлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу ишке ашты. Тренигди ОшМУнун окутуучулары Т.А. Джороев жана Г.Ж. Болотакуновалар алып барышты.