Курс ийгиликтүү аяктады

2026-04-15 03:56:58 41

Ош мамлекеттик университетинин Квалификацияны жогорулатуу институту тарабынан уюштурулган 72 сааттык “Педагогика жана психология боюнча билимди жогорулатуу” курсу ийгиликтүү аяктады. окутуучулар заманбап педагогикалык ыкмаларды жана психологиялык технологияларды өздөштүрүштү. Окуунун соңунда катышуучуларга атайын үлгүдөгү сертификаттар салтанаттуу түрдө тапшырылды. Биздин тажрыйбалуу тренерлер Г.А. Жутанова, С.Ш. Кошонова, А. Батыралиев жана А. Закировго терең ыраазычылык билдиребиз. Ал эми сертификат алган кесиптештерибизди ийгилиги менен куттуктап, алган билимдерин окутуу процессинде натыйжалуу колдонушуна тилектешпиз.