Наманган МУнун окутуучулары үчүн уюштурулган курс аяктады

2026-04-15 04:04:12 37

Ош мамлекеттик университетинин Квалификацияны жогорулатуу институтунда кезектеги окутуу курсу ийгиликтүү аяктады. 2026-жылдын 9-мартынан 9-апрелине чейин Өзбекстан Республикасынын Наманган мамлекеттик университетинин окутуучулары үчүн “Педагогика жана психологияны окутууда инновациялык технологияларды колдонуу” аттуу 144 сааттык квалификацияны жогорулатуу курсу уюштурулду. Курстун алкагында катышуучулар заманбап билим берүү технологиялары, инновациялык методдор жана психологиялык ыкмалар боюнча тереңдетилген билим алышты. Салтанаттуу иш-чаранын соңунда окутуучуларга атайын үлгүдөгү сертификаттар тапшырылды.