2026-04-28 08:08:51 21
ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу институту тарабынан Өзбек Республикасынын Наманган мамлекеттик университетинин окутуучулары үчүн атайын квалификацияны жогорулатуу курсу уюштурулду. 2026-жылдын 20-апрелинде Намангандык кесиптештер Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтуна келишип, окуу программасы менен таанышып, сабактарын башташты. Курстун маалыматы: Аталышы: “Химия багыты боюнча квалификациясын жогорулатуу” (144 сааттык курс). Мөөнөтү: 2026-жылдын 20-апрелинен 20-майына чейин. Уюштуруучу: ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу институту. Бул иш-чара эки университеттин ортосундагы академиялык байланышты бекемдөө жана тажрыйба алмашуу максатында ишке ашууда. Кесиптештерибизге ийгилик каалайбыз!