2026-04-28 08:18:46 29
Ош мамлекеттик университетинин Квалификацияны жогорулатуу институтунда Кытай Эл Республикасынан келген угуучулар үчүн уюштурулган орус тили курсу уланууда. Учурда: Курстун жетинчи айы өтүп жатат. Бул убакыттын ичинде катышуучулар тилдик базасын бекемдеп, эркин баарлашуу деңгээлине жакындап калышты. Тренер: Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун орус тили кафедрасынын окутуучусу, п.и.к., доцент Болотакунова Гульзат Жолдошбековна. Тажрыйбалуу адистин жетекчилиги астында алар орус тилинин грамматикасын, лексикасын жана маданиятын терең өздөштүрүшүүдө.