Окурман Ош

2026-06-08 09:51:18 74

23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата өткөрүлгөн “Окурман Ош” фестивалынын алкагында өзгөчө мастер-класс өттү. ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу институтунун директору, п.и.к., доцент Т. А. Джороев жана А. Джороева «Үй-бүлөлүк китеп окуу маданиятын өнүктүрүү» темасында өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Мастер-класстын башкы максаты — балдарды китеп дүйнөсүнө гана чакырбастан, ата-энелерди да балдары менен бирге окууга үндөө. Анткени китеп окуган ата-эне — бала үчүн эң чоң үлгү! Иш-чарага бир нече үй-бүлө катышып, китепти кантип сүйүү жана окуу адаттарын кантип калыптандыруу боюнча пайдалуу кеңештерди алышты.