Кыргыз наркы

2026-06-08 09:57:20 57

2026-жылдын 19-май күнү ОшМУнун Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун Төгөрөк залында өзгөчө рухий маанай өкүм сүрдү. Белгилүү окумуштуу, профессор Сулайман Рысбаевдин «Кыргыз наркы» аттуу жаңы китебинин салтанаттуу бет ачары болуп өттү. Иш-чара жогорку жана өзгөчө шартта уюштурулуп, анын алкагында атайын даярдалган концерттик программа тартууланды. Студенттер жана коноктор тарабынан Сулайман Рысбаевдин калемгерлик талантына таандык учкул ырлар көркөм окулуп, кечеге көрк кошту. Китептин бет ачары абдан мыкты деңгээлде өтүп, катышуучулардын терең ыраазычылыгын жаратты. Иш-чаранын жогорку деңгээлде өтүшүнө көмөктөшкөн уюштуруу тобуна: ФжМАК жана КЖИ жамаатына терең ыраазычылык !