2026-06-08 10:00:45 19
Ош мамлекеттик университетинин Квалификацияны жогорулатуу институтунда Өзбекстан Республикасынын Наманган мамлекеттик университетинин химия багытындагы окутуучулары үчүн кесиптик чеберчиликти жогорулатуучу атайын курс жыйынтыкталды. 144 сааттык көлөмдөгү бул курс үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинен 20-майына чейин өткөрүлдү. Программанын алкагында намангандык кесиптештер химия илиминдеги заманбап илимий жетишкендиктер, инновациялык лабораториялык усулдар жана жогорку окуу жайларында предметти окутуунун натыйжалуу технологиялары боюнча тажрыйба алмашып, билимдерин тереңдетишти. Курсту ийгиликтүү аяктаган Наманган мамлекеттик университетинин окутуучуларына ОшМУнун атайын үлгүдөгү сертификаттары салтанаттуу түрдө тапшырылды.