Аялдардын диний билимин өркүндөтүү

2026-06-08 10:06:55 26

2026-жылдын июнь айында (1-июндан 13-июнга чейин) Ош Мамлекеттик Университетинин Квалификацияны жогорулатуу институту жана Теология факультетинин демилгеси менен аялдардын диний билимин өркүндөтүү максатында 72 сааттык атайын курс уюштурулду. Курска медереселерде билим берип жаткан устазалар катышып, квалификациясын жогорулатууда. Аталган окуу программасы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин түштүк аймактык бөлүмү, Ош мамлекеттик университети, Түркия Диянет вакфы жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы менен биргеликте уюштурулду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү Самидин кары Атабаев, Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Абдумалик ажы Турсунбеков, теология факультетинин деканы Ниязалы ажы Арипов баштаган факультетитин окутуучулары, Ош шаары жана Ош облусунда диний окуу жайлардын аял мугалимдери катышты. Сабакты Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү Самидин кары Атабаев баштап, салттуу ислам түшүнүгү, тактап айтканда ханафи мазхабы матуриди акыйдасы боюнча кенен маалыматтарды берди. Андан соң калган лекторлор катары менен лекция окуп, сабак өтүштү. Курс алкагында катышуучулар диний билимдерин тереңдетип, заманбап талаптарга жооп берген практикалык жана теориялык билимдерди өздөштүрүүгө багытталды. Окуу программасы дин кызматкерлеринин кесиптик чеберчилигин арттыруу, коомдогу ролун бекемдөө жана диний кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатын көздөдү.