Кытай тили курсу ийгиликтүү жыйынтыкталды

2026-06-26 05:09:14 15

Ош мамлекеттик университетинин Квалификацияны жогорулатуу институту жана Кыргыз-кытай факультети тарабынан биргелешип уюштурулган кытай тили курсу ийгиликтүү аяктады. Бул курс 2026-жылдын апрель, май жана июнь айларында ийгиликтүү жүргүзүлдү. Курстун жүрүшүндө катышуучулар кытай тилинин негиздерин терең өздөштүрүп, төмөнкүдөй маанилүү билимдерге жана көндүмдөргө ээ болушту: Иероглифика жана жазуу маданияты, пиньинь (Pinyin) системасы жана фонетика: Тилдин тыбыштык өзгөчөлүктөрүн, кытай тилине мүнөздүү болгон төрт тонду туура айтууну жана сөздөрдү латын арибинин негизинде окууну өздөштүрүштү. Күнүмдүк сүйлөө кеби (Лексика): Саламдашуу, өзүн тааныштыруу, үй-бүлө, кесип, убакыт, соода-сатык сыяктуу күнүмдүк турмушта эң көп колдонулган темаларда эркин баарлашууну жана диалог курууну үйрөнүштү. Грамматикалык негиздер: Кытай тилиндеги сүйлөмдөрдүн өзгөчө түзүлүшүн, суроолуу жана тануу сүйлөмдөрүн туура куруунун эрежелерин практика жүзүндө колдоно алышты. Кытайдын маданияты жана каада-салты: Тил үйрөнүү менен бирге, Кытай элүүдүн бай маданияты, каада-салттары, чай ичүү аземи жана улуттук майрамдарынын өзгөчөлүктөрү менен жакындан таанышышты.