2026-06-26 05:33:36 17
Ош мамлекеттик университетинин Квалификацияны жогорулатуу институту тарабынан Өзбекстан Республикасынын Наманган мамлекеттик университетинин (University of Business and Science) , Андижан мамлекеттик университетинин, Кимё атындагы Ташкент эл аралык университети Намангандагы филиалы окутуучулары, Захириддин Мухаммад Бабур атындагы Андижан университетинин окутуучулары үчүн кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курстары уюштурулуп, ийгиликтүү аяктады. Бул эл аралык билим берүү программасы 2026-жылдын 26-майынан 26-июнуна чейин бир ай бою созулуп, ага жалпысынан 58 өзбекстандык окутуучу катышты. Курстар ар бир багыт боюнча 144 сааттык көлөмдө, заманбап билим берүү стандарттарына жана инновациялык методикаларга ылайык төмөнкү 7 багытта жүргүзүлдү: 1.Билим берүүдөгү менеджмент (7 окутуучу); 2.Педагогика жана психология (11 окутуучу); 3.Орус адабияты жана аны окутуунун методикасы (7 окутуучу); 4.Дүйнөлүк экономика (10 окутуучу); 5.Заманбап билим берүү: стандарттар жана технологиялар (15 окутуучу); 6.Билим берүүдөгү инновациялар жана тенденциялар: санариптик окутуудагы жаңы технологиялар жана алардын келечеги (19 ) 7.Дүйнөлүк тарыхты жана тарыхты окутуунун заманбап методикасын тереңдетип окутуу (8 окутуучу). Окуу процессинин алкагында катышуучулар тажрыйба алмашып, билим берүүдөгү жаңы технологиялар, башкаруу системалары жана өз багыттары боюнча актуалдуу маселелерди тереңдетип үйрөнүштү. Саамалыктын соңунда, курсту ийгиликтүү аяктаган окутуучуларга сертификаттар тапшырылды.